Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович каза болду.
Маалыматка ылайык, Үсөнбаев 27-майда Бишкек шаарынын ооруканаларынын биринде көз жумган. Ал 2019-жылдын 22-майында айыл өкмөттүн башчылыгына шайланган.
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн жалпы жамааты Жаныбек Акылбековичтин үй бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Өмүр баяны:
Жаныбек Үсөнбаев 1973-жылы 12-сентябрда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктап, физика мугалими адистигин алып чыккан.
Эмгек жолу:
- 1995-1999-жылдары №45 Барскоон орто мектебинде мугалим;
- 1999-2000-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика факультетинде мастер;
- 2001-2002-жылдары Жети-Өгүз райондук калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүндө иштеген;
- 2002-2007-жылдары Барскоон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- 2007-2018-жылдары "Хабитат-Кыргызстан" кайрымдуулук фондунун Ысык-Көл облусу боюнча менеджери болгон.
Үй-бүлөлүү, беш баласы бар.