Белгисиз адамдар мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап жатышат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары Инстаграмдагы популярдуу black_list.kg тобунда билдиришти."Ош шаарынын Южный кичи районунун көрүстөнүндө темир тосмолор уурдалып, металл сыныктары үчүн тапшырылып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча милицияга арыз жазылганы белгиленген. Билдирүүнүн автору вандалдардын аракеттеринен жабыркагандардан жооп берүүнү суранат.