Жаш бала атасынын шалаакылыгынан чөгүп кеткен

2021-жылдын 26-сентябрь күнү саат 16:35 чамасында, Кара-Суу ооруканасынан телефон аркылуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр Садырбай жана Тойчу айылдары аркылуу агып өткөн "Отуз-Адыр" каналына жаш бала түшүп кетип табылбай жаткандыгын билдирген.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөндөгүлөрдү аныкташкан:

2021-жылдын 26-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында, Өзгөн районунун тургуну, 24 жаштагы И.М өзүнүн кыздары 3 жаштагы Х. София жана 1жаш 7 айлык Х. Сиддиканы Ош шаарынан Өзгөн шаарына алып бара жатып, Кара-Суу районунун Сары-Колот а/а Тойчу айылына келгенде кичи автобустан ичи ооруп калгандыктан түшүп кыздарын "Отуз-Адыр" каналынын жанына коюп өзү ажатканага кирип кеткен учурда кыздары сууга түшүп кеткен. Кыздарын куткарам деп апасы да агып бара жатканда каналдын боюнда жашаган жергиликтүү тургундар көрүп калып, М.Ини жана чоӊ кызы Софияны суудан куткарып калышып, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген, ал эми кичине кызы Сиддика сууга агып кеткен.

Х. Сны издөө үчүн тапшырмалар берилип, андан сырткары КРнын ӨКМнин Кара-Суу району боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, Отуз-Адыр каналындагы суу токтотулуп издөө иштери жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, карта-схемалары чийилип, фото таблицалар түзүлүп, жогоруда аталган жарандардын денесинен жараат алгандыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө деп билдирди Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД