К.Молдокасымов:Өлкө кызыкчылыгын биринчи орунга койгон президенти колдойм!

Кумтөр маселесинде, албетте өлкө кызыкчылыгын биринчи орунга койгон президенттин аракетин колдойм. Бул тууралуу биздин басылмага белгилүү тарыхчы, публицист, "Мурас" фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Бирок, ошо менен бирге, белгилүү тарыхчы президент Садыр Жапаров жакында Бириккен Улуттар Уюмунун отурумунда "Кумтөрдүн экологиялык катастрофага алып келүүчү жагдайды Кыргызстан өзү калыбына келтирен" деген кайрылуусуна мамилеси башкачараак экенин айтып өттү.

"Мурас" фондусунун төрагасынын пикиринде, келтирилген экологиялык зыянды толук бойдон Centerra Gold Inc. компаниясы калыбына келтириш керек.

Ошону менен бирге, окумуштуу ошол экологиялык зыянга алып келүүгө жол ачып берген кыргыз бийлиги да күнөөлү экенин, аны да эске алыш керектигин белгилейт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында Кумтөр кенинде алтынды казып алуу менен иш алып барган "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканаларына кыргыз өкмөтү тышкы башкарууну киргизген. Ага чейин, мамлекеттик комиссия тарабынан Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы кендин жанындагы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө бош тектерди, таштандыларды жыйып, анын кесепетинен мөңгүлөрдүн эриши ылдамдаганын далилдеп сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту чет элдик компанияга ири өлчөмдөгү айып пул салганына карабай, компания айып пулду төлөөдөн баш тартып АКШнын Нью-Йорк шаарындагы арбитраждык сотко кайрылган.

Кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр кениндеги алтынды казып алуу иштерин үзгүлтүкө учуратпай иштетүү аракеттерине карабай, субъективдүү тоскоолдуктар жаралып келүүдө. Биринчиси, Лондон шаарындагы (Улуу Британия) баалуу металлдар рыногунун катышуучулары ассоциацисы тарабынан Кара-Балта аффинаждоо заводун "ишенимдүү жеткирүүчүлөр" тизмесинен чыгарып койгон. Жыйынтыгында, Кумтөр кенинен чыккан алтынды бул уюи аркылуу сатуу токтоп калган. Экинчи чоң тоскоолдук – кендеги ири жүк ташуучу унааларга тетиктерди сатууну сот аркылуу Centerra Gold Inc. компаниясы токтотуп койгон.

Бирок, финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык, кыргыз тарап тоскоолдуктар болорун алдын-ала божомолдошкон жана алтынды сатуунун альтернативдүү жолдору изделүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД