Дамир Кулбаев Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

Дайындоо боюнча жарлыкка мамлекет башчысы С.Жапаров кол койду. Кулубаев Дамир Садырбекович 1978 -жылы 5 -мартта Кыргызстандын борбор калаасында туулган. Юридикалык, айыл чарба боюнча эки жогорку билимге ээ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистр даражасына ээ. Жаңы дайындоого чейин ал финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу агенттигинде башкаруу адиси болуп иштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД