Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган кыргыз жараны Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан билдиришти.

Уразбек Мирзоев Кыргызстанга "Кулунду-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу келгени такталган. Ишти Кыргызстандын компетенттүү органдары жүргүзүүдө.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунунун алдында Уразбек Мирзоев Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Кыргыз жараны кичи автобуста аялы менен болгон жана Ходжент - Канибадам трассасынын боюндагы Жигдалик айылына бараткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД