Жалал-Абаддын тургуну WhatsApp аркылуу экстремисттик идеологияны тараткан

Жалал-Абадда экстремисттик идеологияны жайылтууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга мурда шаарда бир жаран өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган материалдарды таратып жатканы тууралуу маалымат түшкөнү көрсөтүлгөн.

"Бул факт ЕРПП де катталган. Козголгон кылмыш иштин алкагында 51 жаштагы Х.М. Ал Кыргызстанда тыюу салынган Хизб ут-Тахрир аль-Ислами уюмунун мүчөсү жана алардын идеологиясын коңшуларга тараткан. Кошумчалай кетсек, ал киши тыюу салынган уюмдун идеологиясын WhatsApp группаларында жайылткан. Х.М.нын үйүн тинтүү учурунда зат далилдери табылган. Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды ", - деп билдиришти ИИБден.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД