Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу киргизилди

Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук чылым жана кальянга тыюу салуу киргизилди. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Документтин максаты - Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун тамеки чегүүнүн кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруу.

Мыйзам тамеки буюмдарынын бардык түрлөрүн, никотинди электрондук жеткирүү системасын колдонууну көзөмөлдөөнү орнотуу жана тамеки буюмдарынын бардык жарнактарына толук тыюу салуу аркылуу тамекиге жана тамеки буюмдарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган " деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД