Депутаттар коомдук транспортто жол кирени жогорулатууну чечишти.
Алар Бишкек мэриянын сунуштаган туруктуу маршруттук таксилерге - 15 сомго жана автобустар менен троллейбустарга - 11 сомго тарифтерди жактырып, тиешелүү токтом долбоорун кабыл алышты.
Кабыл алуунун алдында депутаттар токтомдун долбооруна айрым өзгөртүүлөрдү киргизишти. Жаңы тариф 1 -ноябрдан тартып күчүнө кирет.