Маматибраим Самиевдин жаркын элесине арналган музей ачылды

2021-жылдын 28-сентябры күнү көп кырдуу талант ээси, мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси, техника илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги, укук коргоочу, "Манас" изилдөөчү, акын, жазуучу, коомдук ишмер Самиев Маматибраим Самиевичтин жаркын элесине арналган Самиев Маматибраим атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Сами уулу Маматибраим" музейинин ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош ОИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Улан Асанбаев, маркумдун жакын санаалаштары, кесиптештери катышышты. Музей Маматибраим Самиев өзү эмгектенген иш бөлмөсүндө ачылып, анын кызмат учурунда колдонгон буюмдары, кийимдери, сыйлык-наамдары, жарык көргөн китептери, гезит-журналдар, макалалары, фото, видео, аудио материалдары жана башка баалуу мурастары коюлган. Эскерүү кечеде катышуучулар залкар инсандын өмүр-чыгармачылыгына, анын жасаган эмгектерине токтолушуп, адамдык улуу сапаттарын көзгө жаш алуу менен эскеришти деп билдиришти Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД