Улуттук банктын жаңы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев болот

Бул тууралуу Economist.kg сайтында маалымдалды. Учурда Улуттук банктын башчылыгына Бөкөнтаевдин дайындалышы боюнча документтер даярдалып жатканы маалым болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары, Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин экс-төрагасы кызматтарын ээлеп келген.

Эске сала кетсек, кечээ Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын башчылыгынан кетип жатканы белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД