ЖКнын депутаттары саны азыраак болот бирок алардын чыгымдары кыскарбайт

Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга "республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорунда парламентти кармап турууга 712 миллион 465,8 миң сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

Бул каражаттардын көбү - 474 миллион 878,2 миң сом - эмгек акы төлөөгө багытталат. Мындан тышкары, бул сумманын 81,2 пайызы ЖК аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысы, калган сумма турак жай департаментинин кызматкерлерине 61,8 миллион сом жана турак жайдын гаражынын башкаруучуларына бөлүштүрүлгөн - 27,3 миллион сом.

Белгилей кетсек, быйыл парламенттин чыгымдарына 713 миллион 545,8 миң сом бөлүнгөн. Бул жаңы Конституция боюнча парламенттеги депутаттардын саны 120 адамдан 90 адамга чейин кыскарганына карабай, алардын чыгашасы дээрлик азайбайт дегенди билдирет. Мындан тышкары, 2023 -жылы алар болжолдуу түрдө 720 миллион сомго чейин, 2024 -жылы 740 миллион сомго чейин өсөт.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД