Бишкекте Lexus унаасын алдамчылык жол менен ээлеп алган аял кармалды

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 27 -июлда С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган "А" аттуу жаранга чара көрүү менен. Ал май айынын аягында Сухэ-Батор көчөсүндө , алдоо жолу менен, акчасын кийинки күнү берүүнү убада кылып, баасы 18 500 АКШ долларын түзгөн Lexus ES250 унаасын алган. Бирок ал убадасын аткарбай, кийин изин жашырган.

Бул факты Октябрь РИИБнин ЭРӨБ каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык милициясынын төртүнчү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү 1981 жылкы Т.А.ны аныктап, кармашты. Кыргыз Республикасынын Жазык -процессуалдык кодексинин 98 -беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө аракеттери жана ыкчам чаралар улантылууда.

Милиция бул аялдан жапа чеккен же маалыматы бар болгон жарандарга төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлоону суранат: 0 (551) 102-180, 0 (702) 106-020 жана 102.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД