"Ош-аэропорт" постунун аскер кызматкерлеринин коррупциялык иштери аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Отчетто УКМК кызматкерлери мамлекеттик бийлик органдарында коррупцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү өнүгүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын Ош-аэропорт постунун аскер кызматчыларынын коррупциялык ишмердүүлүгүнүн туруктуу каналы аныкталгандыгы айтылат.

Көрсөтүлгөн посттун кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалоо жана акча жыйымдары менен алектенгени аныкталган.

Учурда бул иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Ош-аэропорт постунун 20 аскер кызматкерине карата текшерүү улантылууда.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД