Курсан Асановдун тарапташтары аны боштондукка чыгарууну суранышты

Бүгүн, 29-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто Курсан Асановдун айылдаштары, замандаштары, жакындары маалымат жыйынга чогулду. Алар Курсан Асанов элдик генерал экенин, 2010-жылдагы Июнь коогалаңында эки элди элдештирүүдө чоң иш жасаганын белгилешти.

Асановдун жасаган иштерине күбө болгонун айткан Куттубай Эсенбаев: "Урматтуу Садыр Нуркожоевич, учурда Асановдун айланасында түшүнүксүз иштер болууда. Мен Курсан Асановдун аткарган иштери боюнча айтканы келдим. Асанов 2010-жылы Ош коогалаңында көп иштерди жасаган. Ушул биз отурган жерден Араван аялдамасына чейин биринчи окуя башталган. Куралчан топторду зыянсыздандырып, эки элдин элдешүүсүнө себепчи болгон. Ошондуктан Асановдун камалуусун туура эмес деп эсептейм. Урматтуу президент, эгер бошотуп койсоңуз, ал үйүнөн деле сотко келе бермек эле. Ал тергөөдөн, соттон кача турган жигит эмес", - деди.

Асановдун айылдашы экенин айткан Момун Суранчиев аны жаш кезинен эле тырышчаак, ак эмгек кылган адам катары билерин белгиледи.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй. Мен Курсанды жашынан тааныйм. Ал мектепте да класс башчысы, пахта терим убакта да лидер болчу. Ал жаштайынан эле эмгекчил болуп өстү. Бизге окшогон карапайым адамдарга эмне себептен камалганы караңгы бойдон калды. Ал жөнүндө айтылып жаткан чагымчыл маалыматтар жалган болуп эсептелет. Мисалга, бардык эле кандуу окуяларда генерал Курсан Асанов жүрдү. Буга өзүбүз күбөбүз. Башка генералдар ошол мезгилдерде кайда эле? Мен үчүн бул иштер туура эместей болууда. Мен элдин атынан айтып жатам, аны боштондукка чыгарууңуздарды суранам", - деди Суранчиев.

Сабир Нурова жалпы энелердин атынан Асановду боштондукка чыгарып берүүнү суранып келгендигин кошумчалады.

Булак: https://osh.turmush.kg/


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД