Академик Кусейин Карасаевдин эстелиги БГУнун аймагында ачылды

Иш -чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, эмгек жамааты жана Бишкек гуманитардык университетинин студенттери катышты.Майрамдын катышуучулары академиктин эстелигине гүл коюшту.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев өз сөзүндө он жыл мурун Садыр Жапаров Кусейин Карасаевдин эстелигин орнотуу зарылдыгын белгилегенин жана бүгүн президенттин жеке демилгеси менен эстелик ачылганын баса белгиледи. Мамлекет башчысынын атынан куттуктоону Чолпонбек Абыкеев окуду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД