Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт

2 жана 3 -октябрда "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Чемпионаттын ачылышы 2 -октябрда саат 10:00дө Элебесов көчөсү №204а дарегинде башталат.

Мелдешке 50дөн ашык спортчу катышат. 10 жаштан улуу балдарга, жаштарга жана чоңдорго (эркектер жана аялдар) катышууга уруксат берилет.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КРнын ат спорту федерациясы уюштурууда.

Иш -чара биздин өлкөдө ат спортун популяризациялоо жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө. Бул туралуу Бишкек шаарынын мэрисынын басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД