Жасалма мамлекеттик номурлуу үлгүсүндөгү унааны башкарган жигит кармалды

Бишкекте мамлекеттик номуру жасалма унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу БПМБ басма сөз кызматы билдирди.

29 -сентябрда болжол менен саат 17:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн – тонировка боюнча аймакты кайтарып жүргөндө Toyota Camry унаасы токтотулган.

Тиешелүү документтерди текшерүүдө гр. И.А. жасалма номери аныкталды.

Бул факты боюнча Toyota Camry унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилип, айдоочу кошумча териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД