Ош облусунда турак үй жана мал, чөбү бар сарай күйгөн

Ош облусунда кечээ, 30-сентябрда Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында турак үйдөн өрт чыгып, андан кийин чарбалык курулуштарга жайылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, өрт Зулпуев көчөсүндө болгон.

Өрттү өчүрүү үчүн ӨКМдин 2 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, саат 15: 46да өрт саат 19: 51де локализацияланган жана толугу менен өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен 90 чарчы метр аянттагы турак үй жана 150 чарчы метр аянттагы эки кабаттуу сарай толугу менен күйүп кеткен.

Өрт чектеш эки сарайга жайылып, чатырлары күйүп кеткен. Жалпысынан 300 боо чөп, сегиз тонна отун, эки тонна кык, 500 килограмм тоют жана эмеректер күйгөн.

Сарайдагы өрттүн кесепетинен майда жандыктардын алты башы күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД