Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында кайра шайлоо болот

Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Шайлоо Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамдын 39, 58-беренелерине ылайык дайындалды.

Мыйзам боюнча:

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна жекшемби күнгө дайындалсын.

Министрлер кабинети аларды ишке ашыруу үчүн акча бөлүп, БШК жана ЖӨБ органдары мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү керек.

Жарлык бүгүнтөн баштап күчүнө кирет.

Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыктары көптөгөн шайлоо мыйзамдарынын бузулушунан, ошондой эле административдик ресурстардын колдонулушунан улам жокко чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД