Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы кызматын тапшырды

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу башкы адис Жаныш Жусупбековго жүктөлдү. Бул туралуу Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети билдиришти.

Конкурстук тандап алууга чейин Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп башкы адис Жаныш Жусупбеков дайындалды.

Буйрукка Ош шаарынын мэри А.И.Мамбетов кол койду.

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззат Берхмаматов Түркияга билим алууга кетип жаткандыгына байланыштуу кызматын тапшырды

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Берхмаматов Иззат Холмахаматович "TURKIYE BURSLARI" программасынын алкагында докторантурага 4 жылдык окууга кеткендиги үчүн кызмат ордун тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД