
Жакында эле президент Садыр Жапаров район акимдерин кайрадан дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул кадам менен президент эгемен Кыргызстандын тарыхындагы район жетекчилериринин эң ири ротациясын жасады. Тагыраагы, 19 райондун акимдери башка райондорго которулса, 18 аким жаңы дайындалды. Алар март айынан бери аттестациядан өткөрүлгөн.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча акимдерди ротациялоодо негизги максат - мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү. Азырынча ротацияны колдогондор да, сындагандар да бар. Бирок, жалпы жонунан алганда калак арасында "ротациялоо – жердешчилик, туугандык оорусунан айыктырат", "иш билги адам кайда болбосун ийгилик жаратат" дегендер арбын. Ошону менен катар ротацияга дуушар болгон акимдер да президенттин бул чечимин колдоого алышканын жашырышкан жок.
"Вечерний Бишкек" редакциясынын кызматкерлери ротациялоо боюнча Ысык-Көл облусуна барып, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалган Мейматкулов Руслан Маматибраимовичтин пикирин укту:
"Акимдер ротация болсо иш жүрөөрүнө көзүм жетет"
"Менин ротация боюнча көз карашымды билдире кетсем, биздин өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевичтин 29-январда жарлыгы чыккан. Акимдер ротация болсо иш жүрөөрүн жеке инсан катары туура кабыл алдым. Анткени ар жерде жаңы өзгөрүү болуш керек. Жаңы коом тазаланыш керек. Ошон үчүн мен Садыр Нургожоевичтин айткан саясатын колдоп, өзүм ушул Жети-өгүз районуна аким болуп дайындалып келдим.
Менин ишимдин негизги пландары элим менен тыгыз иш алып баруу, элдин көйгөйүн оң жагына оодарып,ушу Жети-өгүз районунун эканомикасын бийик деңгээлге чыгарып, өзүм финансист катары киреше бөлүмүн көзөмөлгө алып, жеке айыл өкмөт башчылары менен айыл өкмөткө шайланып келген депутаттар менен чогуу бюджетти талкуулап экономикага салымымды кошсом деген чоң максаттарым бар.
Келеерим менен апарат кызматкерлерин топтоп баарынын резюме , стаждарын карап чыктым. Буйруса кызматкерлер менен аягына чейин жакшы иш алып барам деген ой максаттарым бар."
