Анкарада Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

Түркияда, кечээ, 1 -октябрда Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарыхы паркында Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышты.

Түрк тарыхынын сейил багында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү - К.Ататүрк, М.Э.Расулзаде, Н.Назарбаев, И.Каримов, Г.Бердимухамедов жана Р.Денкташ эстеликтери бар.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын 29-августунда Түрк тарыхы паркы ачылган, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнө, ошондой эле түрк тилдүү дүйнөнүн белгилүү өкүлдөрү-Ч.Айтматовго, Махтумкули, А.Кунанбаев жана түрк кагандарына арналган эстеликтер бар. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД