Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Сулайман Тоо" Улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинде инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер жасала тургандыгын билдирет.
Бүткүл дүйнөлүк банк Сулайман Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексине 4 млн. доллар ал эми, Өзгөн археологиялык архитектуралык музейине 2млн. доллар каражат бөлдү.
Бул долбоор туристтерди, меймандарды жана зыяратчыларды сапаттуу тейлөө максатында кайра жаңыртуу жана оңдоп түзөө иштерине багытталат.