Укук коргоочу Валентина Чупик Арменияга учуп кете алды

Орус бийлиги укук коргоочу Валентина Чупикти Шереметьево аэропортундагы атайын кармоочу жайдан бошотту. Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) аны Өзбекстанга депортациялоого тыюу салгандан кийин, ага Арменияга учууга уруксат берилгенин укук коргоочунун жардамчысы Александр Ким журналисттерге билдирди.

Өзбекстан Валентина Чупикке жаңы паспорт берди. Анын өкүлдөрү Украина бийлигине Чупикке жана анын 84 жаштагы апасы Любовь Коденцовага башпаанек сурап кайрылышкан, бирок азырынча жооп ала элек. Чупиктин катуу ооруп жаткан апасы дагы эле Подмосковьеде.

Валентина Борбор Азиядан жана башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга укуктук жардам көрсөтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД