Акжол Махмудов машыктыруучусуна Lexus GX 460 унаасын белек кылды

Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 унаасын белек кылганын журналист Тахир Гафуров фейсбук баракчасына билдирди. Ал ошондой эле Мейрамбек Ахметов учурда Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында калыс болуп иштеп жаткандыктан, Акжол джиптин ачкычын Мейрамбектин аялы Күмүшканга тапшырганын айтты.

Эске сала кетсек, грек-рим стилиндеги балбан аукциондо спорттук трикону саткан, ал Токиодогу Олимпиада оюндарында 26 миң долларга чыккан. Алган сумманын 60 пайызын СМА оорусу менен жабыркаган кыз Арузааттын атасына берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД