"Эл эмне үчүн "Кумтөр" маселесинде президентти колдоп жатат?"

"Эл эмне үчүн "Кумтөр" маселесинде президентти колдоп жатат? Себеби, маселе чечилип калса, мурдагы президенттер калтырып кеткен ички жана сырткы карыздар кендин эсебинен жабылганы турат", - дейт белгилүү журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Төлөнбай Абдыразаков.

Андан сырткары, кенди толук мамлекетке өткөрүп алуу – социалдык маселелерди чечүүгө да өбөлгө түзөт.

Калем чеберинин айтуусунда, алтын маселеси илгертен бери эле бирден-бир оор, татаал иш болуп келген.

- Алтургай, уламыштарга көз чаптырсак, алтынды дайыма жыландар кайтарып келген, - дейт жазуучу, бул баалуу металлдын сакралдык жагына токтолуп.

Эн ири кенибиз "Кумтөр" тагдырына токтолуп жатып, Төлөнбай Абдыразаков, тарых барактарына көз чаптырып өттү.

- Эң башында, биздин аткаминерлер ошол инвестордун берген акчасына азгырылып, мамлекет кызыкчылыгынан жеке башынын кызыкчылыгын жогору коюп коюшкан, - дейт жазуучу.

Анын айтымында, учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кумтөр" көйгөйүн 2010-жылдан бери көтөрүп келип, карапайым эл эми гана ал жактагы чыныгы акыбал менен тааныша баштады.

Белгилүү журналистин сөзүнө ылайык, жогорку жана орто звенодогу аткаминерлер мыйзамсыз кыймыл-аракеттери менен байууга жетишип, анысы аз келгенсип ал байлыгын элге кенен көрсөтүүдөн да тартынбай калышкан. Мындай көрүнүш өз учурунда карапайым элдин кыжырын гана келтирип турган. Дал ушул учурда, Садыр Жапаров элдин кызыкчылыгын алдыга коюп, "Кумтөр" маселесин көтөрүп чыккан.

- Садыр Жапаров кен маселесин 2010-жылдан бери көтөрүп келгенин, ага кандай бут тосуулар болгонун, айрыкча ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков тарабынан болгон мамиле тууралуу эл жакшы билет жана ошол себептен аны эл колдоп келет, - дейт жазуучу.

Ошону менен бирге, маектешибиздин айтуусунда, мамлекет башчынын кадамын сындап, каралагандар да жетиштүү.

- Бирок, чындык деген алаканга салгандай көрүнүп турат эмеспи, - дейт жазуучу.

Андан сырткары, канадалык компаниянын каршылык көрсөткөнү да мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтат.

Бирок, эң башкысы элдин колдоосу экенин дагы бир ирет айтып өттү.

- Азыр эл көп чогулган жерде, той-аштарда "Кумтөр" маселеси кызуу талкуу жаратып келет; эл президенттин бул иште батылдыгын мактап, ишти аягына чыгарса экен деген тилектерин билдирип келишет, -дейт Төлөнбай Абдыразаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД