Бишкекте түн ортосунда жарандардын үйлөрүнө жылуулук берилет

Бишкекте борбор калаада жылытуу сезону 5 -октябрда түнкү 00: 00дө башталат. Тиешелүү буйрукка шаар башчысы Айбек Жунушалиев бүгүн, 4 -октябрда кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, борбор калаада 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өтүп, анда жылытуу мезгилинин башталышынын датасы талкууланды.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден - мурда колдонулган жылуулук энергиясы боюнча карызы жок турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине ж.б.

Турак үйдү туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу түзүлүштөрүндө жайгашкан Майевскийдин крандары аркылуу жылытуу системасынан абаны бошотууну суранабыз. Бул чара батирлерге жылуулук агымын тездетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД