Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.