Шаар күнүнө белгилүү аткаруучулар келишет

Эртең 5-октябрда Ош шаарынын күнү жылдагыдай масштабдуу белгиленет. Иш-чара адаттагыдай расмий бөлүгү менен башталат.

Ош шаарынын өнүгүшүнө, шаардыктарга ыңгалуу шарттарды түзүп берүү максатында, ак ниет эмгеги менен иштеп жаткан мекеме-ишканалардын, жогорку жана орто окуу жайларынын, өндүрүш ишканалардын кызматкерлеринин парады болот. Жөө жүрүш концерттик программа менен коштолот.

Кечки саат 19:00дон баштап Орусиянын белгилүү ырчысы, Динамит группасынын экс-солисти Илья Зудин, Өзбекстан Республикасынын ырчы айымы Севинч Муминова, Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусунда чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД