"Курсан Асанов баардык кыйын учурларда эл менен чогуу болду"

Курсан Асановдун тарапташтары Шадыбеков Дөөлөтбек, Адылжан Абдуллаев, Таалай Бекматов, Садык Адахан, Таалай Бегматовдор К. Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн пресс-конференция маалында суранышты.

- Эл, Ата Журт үчүн кызмат кылган, бардык кыйын учурларда эл менен болуп келген эр жигиттерибиздин бири бул Курсан Асанов. Ал жөнөкөй милициянын кызматкерининен баштап, бардык кызматтык тепкичтерди өтуп , КР Ички иштер министринин биринчи орун басарлыгына чейин жетти. Биз айтарыбыз 2010-жылы Ош окуясы учурунда ал обладминистрациянын жанында отуруп, күн-түн иш кылган. Кой-Таш окуясы болгондо башын байлап коюп , элдин тынчтыгы үчүн көп иш кылган. Өзу барып жагдайды ордуна коюп келген, аны элдин баары билет. Эр жигиттин башына ар кандай кыйынчылыктар келет азыркы жетекчилер өлкөнү жаңы жолго коюп жатышат. К.Асановдун кийинки тагдырына айкөлдүк менен мамиле кылып, ага адилеттүү баа берүү зарыл. Жок дегенде үй камагына чыгарып, анан калган процесстерин жүргүзө берерин суранат элек. Биз жердештери катары, интеллигенция өкүлдөрү катары суранып жатабыз, -деди Садык Адахан.

- Биз аксакалдар абдан капа болуп жатабыз, октябрдагы болгон окуя учурунда милициялар качып кетип, экс-президент кызмат ордун таштаган. Ошондо Субаналиев экөө кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Ошондо Курсан өз башын сайбаса эмне болуп кетмек? Шаар талкаланмак , дружинниктер менен бирге күзөттө турду. Иштеген киши кордолуп жатканы, биздин мыкты жигиттер камакка алынганы жакшы иш эмес . К.Асанов катышпаган окуя жок ага кызмат берип эл үчүн иштетиш керек. Курсандай баатыр жигитибизди биз сактап калбасак оор мезгилде кыйын болот. Ал тартипке көнгөн киши. Кыйын маалда кыргыздын мыкты жигиттерин пайдаланыш керек,- деди Шадыбеков Дөөлөтбек.

- Балекеттин баары кызыл пакеттен башталып кетти окшойт, пакеттин маселеси чечилип, ал сөз жалган экени билинди, бирок Курсандын себепсиз күнөлөө дагы деле уланып келе жатат. Мындай эр азаматарыбызды биз сыйлай албасак, кийин мындай инсандарды таппай калабыз. Курсанды мен жаш мезгилинен билем. Ал өз мамлекеттин, элин абдан сүйгөн, күйүп бышкан мырза. Мамлекет, жетекчилер жөнүндө жаман сүйлөгөнүн уккан жокмун,- деди Адылжан Абдуллаев.

- Курсан Асанов жөнүндө бир баатырлык эпизоддун айтып кетейин дедим эле, ал Ошто спецназдын башчысы болуп иштеп жатканда, бир жигит акча алмаштыруучу жайды тоноп, бир адамды өлтүргөн , эки адамды барымтага алган. Ошол террорист жигит "Мени ким шаардын чекесине алып чыгып койот?" дегенде "Мен чыгам!- деп Курсан Асанов чыккан. Кайсыл жакка алып барып койойун деген? Ал жигит терисин аарчыйын деп жатканда Курсан аны кармап калган, спецназдын балдары чуркап келип аны кармап кетишкен. Бул мисал анын эр жүрөктүү адам экендигинин далили,-деди Мамыт Салимбаев.

Пресс-конференцияда чыгып сүйлөгөндөр Курсан Асановду тиешелүү органдар үй камагына чыгаруусун суранышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД