Ысык-Көлдүн тоолорунда 18-сентябрда жоголгон эркек менен аял издөөлүүдө

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди. Дайынсыз жоголгондордун туугандары 18-сентябрда (1977-жылы туулган эркек А.М. жана 1976-жылы туулган аял Р.М.) Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл тоолорун көздөй бет алышканын, 28-сентябрда алар шарттуу түрдө кайтып келүүгө тийиш болгонун билдиришкен, бирок кайтып келген эмес. Издөө иштери өз алдынча жүргүзүлгөн, бирок жыйынтык болгон эмес. 4 -октябрда КР ӨКМнин беш куткаруучусу, ИИМдин төрт кызматкери жана үч жергиликтүү тургун дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзүүгө барышкан, издөө иштери түнкүсүн токтотулган.Бүгүн, 5 -октябрда, издөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД