Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Чоң жана Кичи Памирде (Ооганстан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамдын партиясы жеткирилди.
Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолордун катаал табигый -климаттык шартында жашашат жана кышкы суук бул жакка эрте келет.
Памирлик кыргыздар үчүн тамак -аш азыктары сатылып алынган - 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер алар эми кыш мезгилине карата азык- түлүк менен камсыз болушту.
Учурда гуманитардык жүк буга чейин белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлгөн.