Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Кечээ, 4 -октябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Элчиликтин ачылыш аземине Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто, CCTГнын Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы ардактуу консулу Эндре Эрдос, ошондой эле Венгрияда окуган Кыргызстандын жарандары катышты.

Элчиликтин ачылыш аземинде Руслан Казакбаев венгер тарапка жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртого элчиликти ачууга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Венгрияда элчиликтин ачылышы Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп саналат жана эки тараптын ийгиликтүү жана түйшүктүү иштеринин натыйжасы болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД