РОТАЦИЯ: Байышбек Астанакулов, Тоң районунун жаңы акими

Садыр Жапаров район акимдерин кайрадан дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул кадам менен президент эгемен Кыргызстандын тарыхындагы район жетекчилериринин эң ири ротациясын жасады. Тагыраагы, 19 райондун акимдери башка райондорго которулса, 18 аким жаңы дайындалды. Алар март айынан бери аттестациядан өткөрүлгөн.

Жаңы дайындалган Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп жаткан ротацияны толугу менен колдоорун билдирди.

Байышбек Астанакулов, Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы:

"Жаңы дайындоолордун негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң районун акими болуп дайындалдым. Деги эле ротация боюнча учкай сөз айта турган болсом президентибиздин саясаты абдан туура болду. Жөнөкөй эле сууну мисалга алсак бир жерде калкып тура берген суу жыттанып баштайт. Кызматтан жер которуу жаңы дем күч берет. Кечээ сурагандарга жообумдуузаттым. Мага ротация көнүмүш. Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында эки, үч жылдан көчүп иштеп көнүмүш адатка айланып калды. Кыргызстандын бир башынан бир башына келгеним чоң жаңылык болду. Өзгөчө дем күч берип жатат. Жаңы ой, идеялар, жаңы кызматтык кадамдар пайда болот. Андыктан акимдерге ротацияны эң туура деп эсептейм."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД