АКШда кара түстөгү аял өзүн ку клукс кландын мүчөсүмүн деп алдаган

Америка Кошмо Штаттарында кара түстөгү аял расисттик ку клукс кландын мүчөсү деп алдаган жана кошуналарын коркуткан деп айыпталган. Бул тууралуу The New York Post билдирди.

Гезитте жазылгандай, окуялар АКШнын Джорджия штатында жайгашкан Дугласвилл шаарында болгон. 30 жаштагы Терреша Лукас кошуналарына үйлөрүн өрттөп, балдарын жана туугандарын өлтүрөбүз деп коркуткан каттарын калтырган. Аял каттарында ку клукс кландын кызыл сакалчан ак мүчөсү экенин айткан.

New York Post гезити аялдын кеминде жети кара коңшусу ушундай кат алганын жазат. Милиция кызматкерлери муну видеобайкоо аркылуу аныкташкан. Америкалык аялдын үйүн тинткенден кийин, анын окуяларга тиешеси бар экенин тастыктаган далилдер табылган. Укук коргоо органдары Лукасты сегиз террористтик коркутуу менен айыпташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД