Улукбек Марипов Минск шаарында барды

Бүгүн, 28-май күнү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйын Минск шаарында өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД