Мал уурулука шектүү жарандар кармалды

2021-жылдын 3-октябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1977-жылы туулган жаран Д.С. кайрылган. Себеби анын Шопоков шаарындгы жайгашкан сарайынан белгисиз адамдар тарабынан анын бир баш малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин

200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралрынын

натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелишип, 2000-жылы туулган Д.В.жана 2001-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД