Кыргызстанда 2021 -жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталды

Кыргызстанда Ош шаарынан Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ильгиз Шамырзаев 2021-жылдын мыкты мугалими деп табылды. Ал эми бала бакчанын мыкты тарбиячысы Маргарита Нагаева, No61 "Ак Каркыра" бала бакчасынын тарбиячысы деп табылды ал дагы Ош шаарынан.

Бишкекте "Жылдын мыкты тарбиячысы" жана "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагы жыйынтыкталды. Кечээ, 5-сентябрда Бишкекте республиканын бардык аймактарынан келген байге ээлерин жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жеңүүчүлөргө медаль жана дипломдон тышкары компьютер же тиричилик техникасын сатып алуу үчүн 100 миң сомдук сертификаттар жана Ысык -Көлдөгү пансионатка жолдомо тапшырылды.

Мугалимдер арасында 2 -орунду Баткен облусунун Лейлек районунун No5 мектеп -гимназиясынын математика мугалими Сагыналы кызы Бактыгүл ээледи. Үчүнчү орунга Бишкектеги No57 орто мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Жапарова татыктуу болду.

Бала бакчанын тарбиячыларынын номинациясында экинчи орунга Нарын шаарындагы №16 "Ыйман" бала бакчасынын тарбиячысы Сюита Басылбекова татыктуу болду. Ал эми үчүнчү орун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Наристе бала бакчасынан тарбиячысы Любовь Саратовага берилди.

Экинчи орун үчүн 80 миң сом, үчүнчүсүнө 60 миң сом, ошондой эле компьютер же башка тиричилик техникасын сатып алуу жана Ысык-Көлгө саякат үчүн сертификаттар тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД