
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкектеги "Азиз" базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жасалма жана иш жүзүндөгү көлөмүнө ылайык келбеген акциздик маркалар менен алкоголи ичмдиктери кармалды.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 900 миң сомдон ашык суммадагы 4 миң 571 бөтөлкө алкоголь продукциясы алынган.
Ишкердик субъекттерине карата түзүлгөн материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Бул маалыматты МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.