700 дарак электрондук инвентаризациядан өттү

Жарандар муниципалитетке жашыл аймактарды көзөмөлдөөгө жардам беришет. Эки жуманын ичинде ыктыярчылардын биринчи нөөмөтү маалымат базасына 700гө жакын дарактарды киргизди. Анын ичинен 378 "жашыл тургун" Бишкекзеленхоз ишканасынын балансында болгон.

Жардамы жана күжүрмөн эмгеги үчүн ишкананын башкы агроному Ж.Жумалиев ыраазычылык билдирип, ыраазычылык каттарын тапшырды.

Биринчи жолу Дубовый паркында электрондук инвентаризация жүргүзүлө баштады, алгачкы жүз эмен дарагы саналып бүттү. Бүт процесс "Арча" КФнын координатору жана ишкананын башкы агрономунун жетекчилиги астында өттү.

Азыр шаардын 700 жашыл жашоочусу дарактардын саны, геолокациясы, түрлөрү жана абалы жөнүндө маалыматтарды киргизген "медициналык карталарга" ээ. Бул программанын аркасында бишкезеленхоздун кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн керектүү болгон каражатты алдын ала эсептей алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД