Акыйкатчы К.Асанов жана М. Касенов менен жолукту

КР Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргенине ылайык бүгүн, 2021-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барды, ал жерде кармалган мурдагы ИИМдин министринин орун басары Курсан Асанов жана жарандык активист Максат Касеновдор менен жолукту.

Акыйкатчы менен болгон жолугушууда Курсан Асанов өзү жана анын жактоочусу республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандай тергөөдө негизги далили катары көрсөтүлгөн буюмга жана шектүү А.А.Сарыбаев менен болгон телефон сүйлөшүүсүнүн аудиожазууга техникалык экспертизаны дайындоо жана өткөрүү боюнча бир нече жолу кайрылганын билдирди . Учурда ал бийликти басып алуу жөнүндө айтылып жатат деп айтылган аудиожазуунун экспертизасынын жыйынтыгы Россиядан жана Казакстандан алынды. Экспертиза көрсөткөндөй, бул аудиожазуу алты жерде монтаждалган, анда ар кандай сүйлөшүүлөр, ар кайсы жерде жана ар кайсы убакта болгон,- дейт К.Асанов.

Укук коргоо органдары тарабынан коюлган айыптарга кайрылып, К.Асанов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин басып албагандыгын, жана 2020-жылдын 6 -октябрында Ички иштер министрлигинин имаратына келгендигин, мурунку Ички иштер министри, ошондой эле кээ бир жат адамдар мурун болгондугун, бирок ал жерден УКМКга чакырылгандыгын, ошондуктан ал бул жерден чыгып кеткендигин билдирди. КР УКМКсында О.Суваналиев, Т.Сариев, Ч.Жакупова жана А.Медетбеков болушкан.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары О.Суваналиевден жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү алгандан кийин гана өз милдеттерин аткарууга киришкенин баса белгиледи. "Анын үстүнө, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин министринин мурдагы орун басары, - мени Ички иштер министрлигинин кызматкерлери расмий түрдө тааныштырышты". Курсан Асанов өзүнүн сөздөрүн тастыктоо үчүн, октябрь окуяларынын учурунда, тактапайтканда, 2020 -жылдын 6 -октябрында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине дайындоо жөнүндө Коопсуздук Кеңешинин катынын көчүрмөсүн тапшырды.

Акыйкатчы менен Максат Касеновдун сүйлөшүүсүндө жарандык активист 2017-жылы болгон окуя үчүн кармалганын айтты. "Кийин кылмыш иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотулду, азырынча эч ким бул кылмыш иши боюнча эч кандай арыз берген эмес. Эмне үчүн алар төрт жыл мурда болгон ишти кайра ачышты, мага түшүнүксүз. Балким, бул анын саясий ишмердүүлүгүнөн жана КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу ниетинен уламдыр ", - деди М.Касенов.

Акыйкатчы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ИИБне болгон бүгүнкү иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратурага, УКМКга, Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна мыйзамдарды жана адам укуктарын бузууну болтурбоо үчүн тергөө жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн тиешелүү кайрылууларды жөнөттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД