Москвага учуп келген кыргызстандыктарга аэропорттон чыгууга тыюу салынган

Москвага келген 300дөй кыргыз жаранына Шереметьево аэропортунан чыгууга тыюу салынган. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине билдирди. Диаспоранын өкүлүнүн айтымында, келгендердин жарандык паспорттору жана ID-карталары алынган.

"Чек арачылар биздин паспортторду чогултуп, эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Кээде гана сыртка чыгып, бирден суракка алышат. Бир нече киши бошотулду. Бул жерде 6 -октябрда түштөн кийин, 7 -октябрда түнкүсүн Ош жана Бишкек каттамдары менен келгендер отурушат. Карылар, балдар. Баары ачка. Биз тамак -аш сатып алуу үчүн чыга албайбыз ", - дешет аэропортто топтолуп калгандар.

Булак:24.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД