Бүгүн Кыргызстанда жарандык авиация күнү белгиленет

Жыл сайын 7-октябрда белгиленүүчү Кыргызстандын Жарандык авиация күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 3-октябрындагы No738 токтомунун негизинде жарандык авиацияга өзгөчө маани берилип, анын эл чарбасынын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын эске алуу менен белгиленген.

Кыргыз Республикасындагы жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин токтому менен башталган. Биринчи аэропорт шаар четиндеги Папеновка айылынын жанында болгон, анын алгачкы учкучу Ленинграддагы жарандык авиация институтунун жолдомосу менен Фрунзе шаарына келген Н.К. Батов болгон.

1933-жылы октябрда Николай Иеске башкарган чакан U-2 учагы авиа техник Евгений Балакши менен бирге Фрунзенин аэродромунан учуп чыккан. Алар биринчилерден болуп, 3500 метр бийиктиктеги Күнгөй жана Кыргыз тоо кыркаларынын үстүнөн учуп өтүп, ашуулар аркылуу учуп өтүү мүмкүнчүлүгүн аныкташкан. Көп узабай Фрунзе - Рыбачье - Пржевальск багытындагы жаңы каттамды ачышкан. Пишпек - Ташкент - Алма-Ата авиакаттамы өз ишин баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД