Көп балалуу эне жаш балага зомбулук көрсөткөндүгү үчүн шектелип жатат

Кыргызстанда соцтармактарда аялдын кичинекей балага ырайымсыз мамиле кылган видеосу тараган.

Видеодо бир нече жаш балдары менен бараткан, бирөөсүн колуна көтөргөн белгисиз аял колундагы жаш баланы жерге таштап жиберип, кайда өйдө тургузуп, колуна көтөрүп кеткендиги чагылдырылган.

Бул видео бир катар соцтармактарды колдонуучулардын талкуусуна алынган.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факт 2021-жылдын 6-октябрында автоматташтырылган маалымат системасында "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Бул окуя Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө КР жоруктар Кодексинин №75 "Үй -бүлөлүк зомбулук" беренеси боюнча териштирүү иштери башталды.

Текшерүү учурунда бул факт Кара-Балта шаарынын аймагында 2021 -жылдын 5-октябрында болгондугу аныкталган. Аялдын өздүгү такталган ал төрт жаш баланын энеси 31 жаштагы жергиликтүү тургун Н.Г болуп чыкты. Апасынын айтымында, бул окуя балдар менен кечки сейилдөө учурунда болгон. Учурда бардык жагдайларды аныктоого багытталган иш–чаралар жүрүп жатат. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД