Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды

2021-жылдын 30-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо максатында, ыкчам иликтөө иш-чара жүргүзүлгөн. Иш-чаранын алкагында Кара-Суу районунун Савай айылында, ошол эле айылдын тургуну 43 жаштагы З.О., аттуу жаран кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө З.Онун көтөрүп жүргөн спорттук баштыгынан эки найлуу (стволу), эки даана найлары (стволу) кесилген абалда ок атуучу куралдар жана граната алынган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 253-берененин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгуртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда.Бул туралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД