РОТАЦИЯ: Насиров Мунарбек, Ак-Суу районунун жаңы акими

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча акимдерди ротациялоодо негизги максат - мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү. Азырынча ротацияны колдогондор да, сындагандар да бар. Бирок, жалпы жонунан алганда калак арасында "ротациялоо – жердешчилик, туугандык оорусунан айыктырат", "иш билги адам кайда болбосун ийгилик жаратат" дегендер арбын. Ошону менен катар ротацияга дуушар болгон акимдер да президенттин бул чечимин колдоого алышканын жашырышкан жок.

"Отурууга убакыт жок президентибиз көптөгөн тапшырмаларды берди"

Насиров Мунарбек, Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы:

"Урматтуу президентибиздин жаңы кадрларды түзүү жарлыгына ылайык биз акимдер ротация тартибинде келдик. Мен өзүм Баткен облусундагы министирлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апарат жетекчиси болуп кызмат өтөчү элем. Ошол жерде регионалдык резервке кири, атестация тапшырып аңгемелешүүдөн өтүп резервке киргем. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна сунуш болду, мен ошол ротация тартибинде келип иш баштадым. Негизинен айтсам ротация бул туура көрүнүш. Себеби акыркы мезгилдерде ар ким өзүнүн жеринде иштеп, туугандашуу көйгөйгө айланып кеткен. Ушундан улам ротациялык иштөөнү туура деп эсептейм. Эмгек жамааты менен тааныштым эми бизге отурууга убакыт жок президентибиз көптөгөн тапшырмаларды берди. Ошол тапшырмаларды аткарып, элдин жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча жумуштарды аткарышыбыз керек."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД