C.Жапаров телефон аркылуу В.Путинди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7 -октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу аспектилерин, түрдүү тармактардагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал тарыхый достуктун жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн жогору баалап, бул маселеде Владимир Путиндин чоң жеке салымын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Россиянын лидерин Мамлекеттик Думага шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү Жогорку Кеңеш менен парламенттер аралык байланышты бекемдөөгө багытталаарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле биргелешкен күн тартибинин бардык маселелери боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга орус тараптын даярдыгын баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД