Быйыл көмүр кымбат. Баалары менен таанышып алыңыз

Күн сууктаганына байланыштуу кара алтынга болгон суроо-талап күчөдү. Сатып алуучулар билдиргендей, быйыл көмүрдүн баасы, былтыркы жылга салыштырмалуу кымбат. Бишкекте бир мүшөк кара алтындын баасы 250 сом, тоннасы 5000 сомго жетти.

Антимонополия мамлекеттик агенттик берген маалыматта өлкө боюнча көмүрдүн баалары:

Бишкек-4000-4100 сом (жергиликтүү), 4800 сом (Кара-Жыра, Шабыркул);

Ош - 2000-6500 сом (жергиликтүү);

Жалал-Абад-2500-6500 сом (жергиликтүү);

Баткен облусу - 6500-7000 сом (Сүлүктү);

Каракол - 5500 сом (жергиликтүү), 5900 сом (Шабыркул, Кара -Жыра);

Талас - 4 800-5 800 сом (жергиликтүү).

Нарын облусу боюнча маалымат жок.

Автор: Эркайым Эрикова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД