Акын Мирлан Самыйкожо депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Акын Мирлан Самыйкожо 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округтан катышат. Бул тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Самыйкожо Нарын облусунун №32 Кочкор округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Белгилей кетсек, учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 145 талапкерден арыз түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД